Студенты КАИ пробежали первыми марш-бросок, посвя…
31 Янв 2023
127
Иш-чаралар
Бул жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Баатыры, генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде — Кыргызстандын Коргоо министрлиги жана «Наша Победа - Биздин Жениш» издөө кыймылы Сталинградда немис-фашисттик күчтөрдүн талкалангандыгынын 80 жылдыгына арналган марш-бросок уюштурду.
Катышуучулар жана жыйынтыктар
Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун 1941–1945-жылдарындагы катышуучулардын урпактары, Сталинград согушунун катышуучулары, ошондой эле 98- жана 99- жеке атуу бригадаларынын жоокерлери, аскер-спорттук, спорттук, патриоттук, тарыхый клубдардын өкүлдөрү, ардагер уюмдары, издөө кыймылдары, билим берүү мекемелеринин окуучулары жана республикадагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Марш-бросоктун катышуучуларынын арасында И. Абдраимов атындагы Кыргыз Авиация Институтунун студенттери да болду.
Спорттук мелдештин жыйынтыгында КАИнын 5 студенти жеңүүчү болду.
1Биринчі орун — студент .гр.ТБ-2-21 Ракымбердиев Исмаил
2Экинчі орун — студент гр. ТБ-1-20 Отомбаев Дайыр
3Үчүнчі орун — студент гр.ТБ-2-21 Алдабергенов Рыскелди
4Төртүнчі орун — студент гр.Т-1-22 Исаков Тагай
Эскерүү
Эскерте кетсек, уюштуруучулардын билдиришинче, марш-бросок Элиста (Калмыкия) шаарынан Ростов облусундагы Маныч айылынын аймагына чейин 350 чакырымдык салыштыргыс маршты жасаган кыргызстандыктардын белгисиз эрдигине арналып өткөрүлөт — алар коргонуу чек араларын ээлөө жана Кавказдан артка чегинип бараткан немис-фашисттик дивизиясынын "Викинг" моторизделген танк бөлүктөрүнүн алдыга илгерилөөсүн бөгөөгө аракет кылышкан. Сталинградда 500дөн ашык кыргызстандык курман болгон.