2026-жылдын 4–5-мартында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун «Аба транспортунун кыймылын башкаруу» багыты боюнча 3-курсунун студенттери үчүн «Аба кыймылын тейлөө технологиясы» дисциплинасынын алкагында өндүрүштүк шартта практикалык сабак уюштурулду.
Практикалык сабак «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк базасында окутуучу Ф. А. Токурованын жетекчилиги астында өткөрүлдү.
Сабактын жүрүшүндө студенттер аба кыймылын тейлөөнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү, аэронавигациялык кызматтын түзүмү жана анын бөлүмдөрүнүн иштөө принциптери менен таанышышты. Ошондой эле аба кыймылын коопсуз жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу процесстери тууралуу маалымат алышты.
Профилдик ишкананын базасында өткөрүлгөн мындай практикалык сабактар студенттерге келечектеги кесиптик ишмердүүлүктүн реалдуу шарттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берип, теориялык билимдерин бекемдөөгө жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Мындай окутуу форматы аба кыймылын башкаруу тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана институт менен жарандык авиация тармагындагы уюмдардын кызматташтыгын бекемдөөгө жардам берет.


