КАИнин студенттери «Манас» аэропортунда кооптуу ж…
14 Ноя 2025
1204
Практика
2025-жылдын 14-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун, «Аба транспортундагы транспорттук коопсуздук» багытында окуган ТБ-1-23 тайпасынын студенттери «Компания Манас Менеджмент» ЖАКтын базасында практикалык сабакка катышышты. Сабак «Кооптуу жүктөр» дисциплинасынын жана окуу планындын алкагында өттү.
Практиканын жүрүшү
Практика учурунда студенттер ишкананын негизги өндүрүш зоналары менен таанышты. Жүк терминалында жана кампалык комплексте аларга кооптуу жүктөр сакталуучу атайын жайлардын иши көрсөтүлдү. Кабыл алуу жана расмий документтештирүү бөлүмүндө студенттер таңгактын, маркировканын жана коштоочу документтердин текшерүү процессин байкашты.
Кооптуу жүктөрдү иштетүү бөлүмүндө компаниянын адистери мындай жүктөрдүн классификациясы, алардын жайгаштырылышы жана бөлүнүшү, ошондой эле эрежелер бузулганда көрүлүүчү чаралар тууралуу түшүндүрмө беришти. Андан кийин группа жүктөрдү учакка жүктөөгө даярдоо тартиби жана аэродром кызматтары менен авиакомпаниялардын өз ара аракеттенүүсү менен таанышты.
Үлгүлөрдү көрсөтүү
Студенттерге реалдуу үлгүлөр — таңгактар, маркировкалар жана документтер: жүк декларациялары жана NOTOC көрсөтүлүп, теориялык сабактарда алган билимдерин бекемдөөгө жана кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.