И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун «Транспорттук коопсуздук (аба транспортунда)» адистиги боюнча билим алып жаткан студенттери үчүн «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКтын базасында окуу практикасы уюштурулду.
Сабактын жүрүшүндө студенттер өндүрүштөгү реалдуу процесстер менен таанышып, авиация тармагында колдонулган таңгактоо, маркировка жана коштоочу документтердин үлгүлөрүн изилдешти.
Аларга жүк коштомо кагазы, декларация жана NOTOC (аба кемесинде кооптуу жүктөрдүн бар экендиги жөнүндө учкучка берилүүчү билдирме) сыяктуу документтер көрсөтүлдү.
Кыргыз авиациялык институту окуу практиканы уюштурууга жана өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКка терең ыраазычылык билдирет.



