Окуялар
2025-жылдын 31-октябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун жарандык авиация факультетинин «Аба транспортунун кыймылын башкаруу» профили боюнча билим алып жаткан студенттери (ВДо-1-23 жана ВДо-1-24 топтору), өндүрүштүк окуунун алкагында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасына таанышуу сапарына барышты.

Сабактын жүрүшү

Танышуу сабагын Бишкек аба кыймылын уюштуруу борборунун начальниги — Р. Чадаев өткөрдү.

Р. Чадаев ар бир кызматтын милдеттери жана функциялары, ошондой эле алардын аба кыймылынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыздоодогу ролу жөнүндө кеңири маалымат берди.

Танып көрүлгөн бөлүмдөр

  • 1медициналык кароодон өткөрүү пункту;
  • 2метеорологиялык кызмат;
  • 3аба кыймылын уюштуруу башкы борбору;
  • 4диспетчердик пункт;
  • 5аэронавигациялык мунара.

Маңызы

Кесиптик өнүгүү
Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандырууга жана авиадиспетчер кесибине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.