И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери арасында өткөрүлгөн англис тили боюнча Эл аралык олимпиадада жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Олимпиаданын уюштуруучусу «Московия» кесиптик колледжи болду. Интеллектуалдык таймашка ар түрдүү билим берүү мекемелеринин студенттери катышып, англис тили боюнча билимдерин жана тилди өздөштүрүү деңгээлин сынашты.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча КАИнин студенттери I, II жана III даражадагы жеңүүчү дипломдору менен сыйланышты.
I даражадагы диплом менен төмөнкү студенттер сыйланышты:
-
Азимов Мухаммад Амин — БП-2-26 (67 балл);
-
Асаналиева Сабина — М-2-25 (65 балл);
-
Атанбекова Сумая — М-1-26 (66 балл);
-
Ишмурадова Миледи — СП-1-26 (65 балл);
-
Мцсова Гузель — ТБ-2-26 (70 балл);
-
Рахатбек Улук Тимур — ТБ-1-26 (69 балл);
-
Суонбекова Адеми — К-1-26 (69 балл);
-
Табылдыева Акмарал — СП-1-26 (69 балл);
-
Токтобекова Малика — ТБ-1-25 (65 балл).
II даражадагы диплом менен:
-
Зайирбекова Айкол — М-2-26 (60 балл).
III даражадагы диплом менен төмөнкү студенттер сыйланышты:
-
Качкынбекова Асем — СП-1-26 (57 балл);
-
Кожогелдиев Мелисбек — СП-1-26 (57 балл);
-
Махамаджанов Бахтиёр — БП-2-26 (57 балл).