2026-жылдын 28-майында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Абай Асранов жана Байаман Кумарбеков Инновациялык технологиялар эл аралык университетинин 20 жылдыгына арналган жаш окумуштуулардын илимий баяндамаларынын XVII Эл аралык илимий-практикалык конференция-сынагына катышышты.
Конференция «Авиациялык транспорттогу энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза технологиялар: заманбап чечимдер жана өнүгүү келечеги» аттуу актуалдуу темада өттү. Иш-чаранын алкагында студенттер авиация тармагын туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык жактан коопсуз технологияларды жайылтуу маселелерине арналган илимий баяндамаларын сунушташты.
Сынактын жыйынтыгында Кыргыз авиациялык институтунун студенттери окуу жайдын атын татыктуу коргоп, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана илимий-изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн көрсөтүү менен III орунду ээлешти. Ийгиликтүү катышкандыгы үчүн студенттер дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.