14-майда Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Жогорку Кеңештин депутаттары Эдита Тайгараева жана Талайбек Масабиров менен жолугушту.
Жолугушууда парламенттин ишмердүүлүгү, билим берүү системасынын сапатын жакшыртуу, ошондой эле жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролу тууралуу маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү жаштарды сапаттуу билим алууга, кесипкөйлүгүн өнүктүрүүгө, мекенге ак кызмат кылууга жана коомдук иштерге активдүү катышууга чакырышты.
Ошондой эле авиация тармагындагы адистердин жоопкерчилиги жана өлкөнүн келечегин өнүктүрүүдөгү жаштардын орду тууралуу кеңири баарлашуу болду.
Студенттер Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.