Жаңылыктар
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жарандык авиация факультетинин 4-курсунун студенттери — Акылбекова Гүлайым (гр. ВПо-1-22) жана Исаков Мурас (гр. ВЛо-2-22) — окуудагы мыкты көрсөткүчтөрү, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн Президенттик стипендияга ээ болушту.

Стипендия жөнүндө

Президенттик стипендиянын ыйгарылышы алардын эмгекчилдигин, жоопкерчилигин, лидерлик сапаттарын жана авиация тармагында жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыкты калыптандырууга болгон умтулуусун тастыктайт.

Куттуктайбыз

Студенттерибизди бул сыймыктуу жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктап, кесиптик чеберчиликке жетүү жолунда мындан аркы ийгиликтерди жана чоң жетишкендиктерди каалайбыз!

Фотогалерея