2026-жылдын 29-майында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун Студенттик кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз-Орус Славян университетинде өткөн «Ыктыярчылык жана социалдык өнүгүү: Кыргыз Республикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу Орусия–Кыргызстан жаштар студенттик форумуна катышышты.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар ыктыярчылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, жаштарды коомдук маанилүү долбоорлорго тартуу, жарандык активдүүлүк жана ар түрдүү секторлордун кызматташтыгы маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын билим берүү уюмдарынын, мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү тажрыйба алмашышты.

Форумга катышуу КАИнин студенттерине жаңы билимдерди алууга, кесиптик байланыштарын кеңейтүүгө жана ыктыярчылык менен жаштар саясаты жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди.