Жаңылыктар
cover image
30-августта, жаңы окуу жылынын алдында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда жаңы окуу аудиторияларынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чара боюнча

Бурун бош турган имараттар капиталдык оңдоодон кийин жаңы эмеректер жана окуу процесси үчүн керектүү бардык жабдуулар менен толугу менен камсыздалды. Ошондой эле кабатта толук оңдолгон, жаңыланган санитардык жайлар пайдаланууга берилди. Жаңы бөлмөлөрдүн пайдубалдык аянты 600кв.м. түздү. Салтанатка окуу жай жетекчилери жана институттун жамааты катышты.

Институттун директору долбоорду ишке ашырууга салым кошкон ар бир адамга ыраазычылык билдирди жана жаңы бөлмөлөр билим сапатын жогорулатууга көмөктөшөрүн баса белгиледи.
600кв.м.
Пайдубалдык аянт