И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациалык институтунун PhD докторанттары, ошондой эле окуу иштери боюнча директордун орун басары 2025-жылдын 27–29-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында, Ташкент мамлекеттик транспорт университетинин базасында өткөн Vibroengineering аттуу 74-эл аралык конференцияга катышышты. Конференциянын алкагында катышуучулар транспорттук системаларды туруктуу өнүктүрүү, ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана инновациялык инженердик чечимдер боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашып, ошондой эле чет өлкөлүк окумуштуулар жана тармактын адистери менен кесиптик байланыштарды түзүштү. Конференциянын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк кесиптештер менен авторлоштукта «Environmental protection of railway wastewater using natural diatomite sorbents: development and validation of a three-layer filtration strip» аттуу илимий макала жарык көрүп, ал Scopus эл аралык илимий журналында индекстелди.