Жаңылыктар
cover image
Кыргыз авиация институтуна Ош шаарынан Boeing-737-300 учагы жеткирилди — «Авиа Трафик Компани» авиакомпаниясы учакты окуу жана методикалык максаттарда институтка бекер өткөрүп берди.

Жеткирүү жана ыраазычылык

Мындай өзгөчө жана көлөмдүү жүк биринчи жолу Кыргызстандын тоолуу аймактары аркылуу унаа жолдору менен ташылды. Авиация институтунун жамааты жардам көрсөткөн жана жеке катышкан адамдарга ыраазычылыгын билдирет:

  • 1Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
  • 2Транспорт жана жолдор министри Кали́лов Ж. К.
  • 3«Авиа Трафик Компани» генеральный директору Аскаров А. Б.
  • 4ОАО «МАМ» Төрагасы Чукуев Э. М.
  • 5Ош эл аралык аэропорту директору Ысаков Т. К.
  • 6Бардык жарандык авиация кызматкерлерине
Контекст
Кыргыз Республикасынын "Жаны доорго 40 кадам" программасынын жана Кыргыз Республикасынын "2016–2020-жылдардагы жарандык авиацияны өнүктүрүү" программасынын алкагында Кыргыз Республикасында заманбап жогорку авиациялык окуу жайы түзүлөт.

Сүрөттөр