Институтта кыргыз элинин улуу руханий мурасы болгон "Манас" эпосунун күнүнө арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чара институттун жетекчилигин, окутуучуларды, студенттерди жана чакырылган конокторду бириктирди.

Конференцияга институттун жетекчилигинин атынан директордун орун басарлары Эмчиева Аида Музиновна, Исмаилова Жыргал Кусейиновна, ошондой эле "Манас" Улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы, "Манас" Улуттук академиясынын жооптуу катчысы Салиева Чынара Анарбаевна, Филология илимдеринин кандидаты Кыркбаева Гулмайрам Надырбековна, "Манас таануу" дисциплинасы боюнча окутуучу аскарова назгуль Аскаровна, Манасчы - Бексултан Абылгазиев катышты.

Конференциянын жүрүшүндө актуалдуу жана мазмундуу темалар талкууланды, алардын арасында студенттерди натыйжалуу окууга түрткү берүү, билим берүү процессинде руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын ролу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар "Манас" эпосу жаштардын, анын ичинде студенттердин инсанды калыптандырууга, Рухту чыңдоого, адеп-ахлактык сапаттарды жана позитивдүү жүрүм-турумду өнүктүрүүгө кандай таасир эте аларына мисалдарды келтиришти. Конференция руханий баалуулуктардын түгөнгүс булагы жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоонун маанилүү куралы катары "Манас" эпосунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мазмундуу жана терең маанайда өттү.

Конференция руханий баалуулуктардын түгөнгүс булагы жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоонун маанилүү куралы катары "Манас" эпосунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мазмундуу жана терең маанайда өттү.