Жаңылыктар
cover image
Институтте «Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу» темасында лекция окулду — 9-февралда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун студенттерине «Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу» темасында лекция окулду.

Толук маалымат

Бүгүн, 9-февралда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун студенттерине «Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу» темасында лекция окулду. Лекцияны Патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жана «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмеси өткөрүштү. «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин директору Касманбетова Чынара «Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу» аттуу презентациясын көрсөтүп, дүйнөдө жана Кыргызстанда жол кырсыктарынан келип чыккан каза болгондордун кайгылуу статистикасын келтирди. Өз кезегинде милициянын капитаны Молдобаева Диляра жөө жүргүнчүлөрдүн жана көрүү шарттары начар болгондо айдоочулардын жүрүш-қылыктарынын эрежелерин толук түшүндүрдү. Милиция кызматкерлери анкета‑викторина өткөрүп, айырмаланган студенттерди чакан белектер менен сыйлашты.