В институте состоялась церемония поднятия флага К…
23 Янв 2024
126
Иш-чаралар
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда Кыргыз Республикасынын желегин көтөрүү аземи болуп өттү — аземге институттун администрациясы, окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Жаңы желек жөнүндө
2023-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн негизги мамлекеттик символдорунун бирин өркүндөтүү максатында Кыргызстандын жаңы желеги тууралуу мыйзамга кол койду. Кабыл алынган мыйзамга ылайык мамлекеттик желектеги күндүн нурларынын формасы толкунчалуу формадан түз формага алмаштырылып, алардын саны Кыргызстандын байыркы 40 тукумунун биримдигин билдирет.