8-апрелде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Санариптик жана инновациялык технологияларды киргизүүнү эске алуу менен жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги» темасында Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жарандык авиация тармагындагы актуалдуу маселелер, заманбап тенденциялар жана инновациялык чечимдер талкууланды. Катышуучулар авиациялык техника, учуу коопсуздугу, учкучсуз аппараттар, санариптештирүү жана кадрларды даярдоо багыттарына өзгөчө көңүл бурушту.
Конференцияга КАИнин студенттери, магистранттары жана окутуучулары, ошондой эле Ташкент мамлекеттик транспорт университетинин магистранттары катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында жарандык авиацияны андан ары өнүктүрүүгө багытталган инновациялык чечимдерди сунуштаган жалпы 30 илимий баяндама сунушталды.






