2026-жылдын 27-октябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Диний экстремизмге каршы күрөшүүдөгү жаштардын ролу» деген темада иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын өкүлдөрү Акылбек ажы Тагаев жана Эрик Молдокулов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин башкы адиси Нургазы Кыргызбаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө диний экстремизмге каршы күрөшүүдө жаштардын ролу, жарандык жоопкерчиликти калыптандыруу, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана ар түрдүү маданияттардын жана диндердин өкүлдөрүнө урмат-сый менен мамиле кылуунун маанилүүлүгү талкууланды.