И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда директор Улан Эсембекович Курмановдун студенттер менен жолугушуусу болуп өттү.
Ачык диалогдун жүрүшүндө катышуучулар академиялык чынчылдык, билим алууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, көчүрүүгө жана плагиатка жол бербөө, ошондой эле студенттердин алган билиминин сапатына болгон жеке жоопкерчилиги тууралуу пикир алышты.
Институттун жетекчилиги академиялык чынчылдык принциптерин сактоо, окутуучулардын эмгегин урматтоо жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө КАИнин билим берүү маданиятынын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи. Бул принциптер жарандык авиация тармагы үчүн жоопкерчиликтүү адистерди даярдоого багытталган.
Бүгүнкү күндө институт карманган негизги принциптердин бири — «Бүгүнкү академиялык чынчылдык — эртеңки учуулардын коопсуздугу».