КАИде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана санариптеш…
16 Апр 2026
104
Окуялар
15-апрелде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Кыргыз Республикасындагы тил саясаты, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жогорку окуу жайлардын орду жана ролу» аттуу семинар өткөрүлдү.
Катышуучулар
1Тил саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Асылбек Орозов
2Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадырова
3бордун жетектөөчү адиси Зияда Шамуратова
4Санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башкы адиси Талгат Садырбеков
Таныштырылган материалдар
1«Кыргызтест» системасы тууралуу кеңири маалымат
2тестке даярдануунун методикалык көрсөтмөлөрү
3Улуттук комиссия тарабынан иштелип чыккан видеосабактар
42021–2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында иштелип чыккан программалык продуктылар
Негизги продуктылар
1«Айтил» улуттук жасалма интеллекти
2Document.gov.kg порталы
3«Кыргызча оңой / Easy Kyrgyz» мобилдик тиркеме
4балдарга арналган колдонмолор жана кыргыз тилинин жазуу эрежелерине байланыштуу видеосабактар
Жыйынтык
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилде иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүү боюнча түшүндүрмөлөр берилип, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан окуу жайга китептер белекке тапшырылды.