2026-жылдын 27-мартында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда «Авиациялык билим берүүдө табигый-илимий жана техникалык дисциплиналарды интеграциялоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык студенттик конференция болуп өттү.
Иш-чарага өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынан студенттер жана алардын илимий жетекчилери катышты. Алардын катарында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму жана ИСИТО бар.
Конференция илимий идеялар менен алмашуу, авиациялык билим берүүдө илим менен техниканы интеграциялоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле студенттердин изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болду.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды:
I орун — Турдалиева Лилия Болотбековна, КАИнин 3-курсунун студенти, «Airport security» темасында баяндама жасады.
II орун — Жылдызбек кызы Мырзайым, И. Арабаев атындагы КМУнун студенти, темасы: «Альпинисттердин биометрикалык мониторинги: жасалма интеллект тоолордогу ден соолукту кантип көзөмөлдөйт».
II орун — Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери Рахматжанова А.К. жана Жолдошова С.А., темасы: «Учуу процесстерин моделдоодо информатиканын ролу: студенттер үчүн санариптик симуляциялар».
III орун — Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери Алиева А.А., Артисбек кызы А., Тұрымбекова Н.Х., темасы: «Симуляция жана реалдуулук: авиациялык кыймылдаткычтардын иштешин математикалык-физикалык анализдоо».
III орун — Ибираев Абду-Адыл, КАИнин 1-курсунун студенти, «Авиацияда физика мыйзамдарын колдонуу» темасындагы баяндамасы үчүн.
Конференциянын бардык катышуучуларына I, II жана III даражадагы дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.



