2026-жылдын 13-февралында Кыргыз авиациялык институтунун базасында “English Talking Club” аттуу англис тилиндеги сүйлөшүү клубунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Жаңы клуб студенттердин тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүү, англис тилин өздөштүрүү деңгээлин жогорулатуу жана оозеки баарлашууда ишенимдүүлүктү калыптандыруу максатында түзүлдү.
Катышуучулар сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүп, талкууларга, тематикалык жолугушууларга, интерактивдүү оюндарга жана презентацияларга катыша алышат.
Ачылыш аземинде уюштуруучулар клубдун иштөө форматы, жолугушуулардын графиги жана жакынкы семестрге карата пландары тууралуу маалымат беришти. Сабактар достук атмосферада өтөрү белгиленип, бул студенттерге тил тоскоолдугун жеңүүгө жана сөз байлыгын кеңейтүүгө жардам берери айтылды.
“English Talking Club” клубунун ачылышы эл аралык коммуникацияны өнүктүрүүдө жана авиация тармагындагы келечектеги адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Клуб институттун бардык каалоочу студенттери үчүн ачык болуп, билим, тажрыйба жана маданий идеялар менен алмашуу аянтчасына айланат.



