И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун базасында учкучсуз учуучу аппараттарды оңдоо жана тейлөө борбору ачылды. Жаңы борбор авиация тармагындагы көп жылдык тажрыйбаны учкучсуз системалар жаатындагы заманбап технологиялар менен айкалыштырат.
Борбор кеңири кызматтарды сунуштайт, анын ичинде башкаруу жана навигация системаларын диагностикалоо, жабдуулар бузулгандан кийин корпусун жана механикалык бөлүктөрүн калыбына келтирүү, программалык камсыздоону жөндөө жана датчиктерди калибрлөө, ошондой эле электрониканы оңдоо жана тетиктерди алмаштыруу кызматтары бар.
Бардык иштер авиациялык профилдеги адистер тарабынан профессионалдык жабдууларды колдонуу менен жүргүзүлөт, бул жогорку сапатты жана ишенимдүүлүктү камсыздайт. Көрсөтүлгөн кызматтарга кепилдик берилет.
📞 Байланыш телефондору: 0709 687 108, 0700 114 049
📍 Дареги: Лущихина көчөсү, 60
