Жаңылыктар
cover image
Улуттук саясатты ишке ашыруу алкагында учкучтарды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана авиация адистерин комплекс чебердик менен даярдоо максатында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда атайын жабдуулар алынып, учкучтарды даярдоо үчүн тренажёр залы ачылды. Практика көрсөткөндөй, баштапкы учуу этаптарында радиобайланышты жүргүзүү жаңы пилоттор үчүн психологиялык тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Максат жана жабдуулар

Бул маселени чечүү максатында жаңы учуу аудиториясы түзүлүп, учуу жана диспетчердик курам үчүн тренажёрдук иш станциялары орнотулду. Учуу практикасына киришүүдөн мурун студенттер учуунун ар кандай этаптарында радиобайланыш фразеологиясын реалдуу убакыт режиминде машыкса болот.

Окуу программасы

Окуу программасынын алкагында студенттер Garmin G1000 интеграцияланган учуу-навигация системасы менен иштөөнү, аэронавигация маалыматтарынын жыйнактарын колдонууну жана Jeppesen схемаларын окууну үйрөнүшөт.

  • 1Иштетүү (запуск)
  • 2Рулдоо
  • 3Кўтѳрүлүү (взлёт)
  • 4SID боюнча унутуу (вылет по схеме SID)
  • 5STAR боюнча келүү (прибытие по схеме STAR)
  • 6ILS боюнча түшүү
  • 7VOR DME процедуралары
  • 8NDB процедуралары
  • 9Күтүү аймагына кирүү көндүмүн машыктыруу (Holding pattern)
Кесиптик даярдоо
Заманауи учактар, адатта, стеклолу кабиналар менен жабдылган (Glass cockpit), бул пилоттон көңүлдү туура бөлүп, интерфейсти билүүнү талап кылат. Garmin G1000 системасын комплекстүү өздөштүрүү көп кыймылдуу учак DA-42ге конвертациялоого жылмакай өтүүнү камсыз кылат, ал биздин институттун пилотторду даярдоосунун акыркы этабы болуп саналат.

Фотогалерея