7-октябрда Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Мугалимдер күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандык авиацияны өнүктүрүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоого зор салым кошкон институттун кызматкерлери сыйланды.

Иш-чаранын соңунда институттун студенттери тарабынан майрамдык концерттик программа тартууланды.