2026-жылдын 5-мартында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Ак калпак күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул күн Кыргызстанда жыл сайын белгиленип, кыргыз элинин улуттук каада-салтына, маданиятына жана руханий мурасына болгон урмат-сыйды даңазалайт.

Иш-чарага институттун студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери катышты. Бул күнү катышуучулардын көбү ак калпак кийип келишип, кыргыз элинин салттарына жана улуттук баалуулуктарына болгон урматын көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга ак калпактын тарыхы, анын символикалык мааниси жана кыргыз маданиятындагы өзгөчө орду тууралуу маалымат берилди.

Майрамдык иш-чаранын өзгөчө бөлүгү студенттердин чыгармачыл өнөрү болду. Алар «кара жорго» бийин аткарып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Мындай иш-чаралар жаштар арасында патриоттук духту чыңдоого, улуттук баалуулуктарга болгон урматты арттырууга жана кыргыз элинин маданий мурасын сактоого чоң салым кошот.