И.Абдраимов атындагы Кыргыз авициялык институтунда 11-декабрда Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана А.Осмоновду эскерүү күнүнө арналган Улуттук адабият күнүн белгиледи.

Иш-чаранын алкагында «Адабиятыбыздын улуттук деми – дүйнөлүк бийиктик» аттуу тегерек стол өткөрүлүп, анда белгилүү акындар жана маданият ишмерлери — Дүйшөк Мамбетөмүров, Жыргалбек Касаболотов жана Махаббат Молдалиева сөз сүйлөштү.

КАИнин студенттери кыргыз адабиятына, анын руханий баалуулуктарына жана заманбап өнүгүүсүнө арналган ырларын жана илимий баяндамаларын сунушташты. Конокторго эстелик белектер жана сертификаттар тапшырылды.