Бүгүн, 15-сентябрда, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда жаңы окуу жылынын башталышына карата Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Майрамдык иш-чарага Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов, институттун директору Улан Курманов, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктоолор айтылып, студенттерге окууда ийгиликтерди жаратып, жаңы жетишкендиктерге жетишүүсүнө жана чыгармачылык дем каалоолор айтылды.
Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.