2026-жылдын 4-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда бүтүрүүчүлөрдүн авиациялык уюмдардын өкүлдөрү жана потенциалдуу иш берүүчүлөр менен маалыматтык жолугушуусу өткөрүлөт.
Иш-чара КАИнин Карьера жана ишке орноштуруу борбору тарабынан уюштурулуп, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна көмөктөшүүгө жана алардын мындан аркы кесиптик өнүгүүсүнө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар авиация тармагындагы актуалдуу бош жумуш орундары жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алып, иш берүүчүлөрдүн талаптары, талапкерлерге зарыл болгон кесиптик компетенциялар жана тандоо баскычтары менен тааныша алышат. Ошондой эле кесиптик өсүү, кошумча билим алуу жана квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет.
Жолугушуу бүтүрүүчүлөргө авиациялык ишканалардын өкүлдөрү менен түз байланыш түзүүгө, кызыктырган суроолорун берүүгө жана карьера куруу боюнча практикалык сунуштарды алууга шарт түзөт.
Өткөрүлүүчү күнү: 2026-жылдын 4-ноябры (шаршемби)
Убактысы: саат 14:00
Өткөрүлүүчү жери: И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун чоң жыйындар залы (БАЗ).
КАИ ишке орношууга жана мындан аркы кесиптик өнүгүүгө кызыкдар бардык бүтүрүүчүлөрдү жолугушууга катышууга чакырат.