КАИде эл аралык орус тили күнүнө карата тегерек с…
16 Июн 2025
3668
Жаңылыктар
И. Абдраимов атындагы КАИда эл аралык орус тили күнүнө карата тегерек стол өттү — 4-июнда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Азыркы дүйнөдө орус тилинин ролу» темасында тегерек стол болуп өттү.
Катышуучулар жана талкуу
Окутуучулар жана биринчи курстардын студенттери орус тилинин бүгүнкү күндө билим берүүдө, илимде жана маданияттар аралык байланышта кандай роль ойной турганын талкуулашты.
Студенттердин докладдары
Тегерек столдун алкагында студенттер мазмундуу докладдар менен чыгып сүйлөштү. Презентация менен коштолгон баяндамалар катышуучулардын эң чоң кызыгуусун жаратты.