2025-жылдын 22-октябрында И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда учуу, техникалык багыттар жана аба кыймылын башкаруу багыты боюнча студенттердин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыгы боюнча тегерек стол болуп өттү.

 

Иш-чарага институттун жетекчилиги, окутуучулар, ошондой эле "Манас" аэропортунун жана авиакомпаниялардын өкүлдөрү чакырылган мейман катары катышты.

 

Студенттер практиканын жыйынтыгы боюнча отчетторду жана презентацияларды тартуулап, алган көндүмдөрү жөнүндө айтып беришти жана билим берүү процессин жакшыртуу боюнча идеяларды сунушташты.

 

Авиация тармагынын өкүлдөрү КАИнин студенттеринин даярдык деңгээлин жогору баалап, алардын кесипкөйлүгүн, жоопкерчилигин жана өнүгүүгө умтулуусун белгилешти.

 

Мындай жолугушуулар институт менен авиациялык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт, ошондой эле жарандык авиациянын келечектеги адистерин сапаттуу даярдоого өбөлгө түзөт.