КАИде депозиттерди коргоо системасына арналган ле…
16 Ноя 2025
1225
Жаңылыктар
2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз авиациялык институтунун ЕНД кафедрасында жарандык авиация факультетинин студенттери үчүн конок лекциясы уюштурулду. Иш-чаранын коногу — Депозиттерди коргоо агенттигинин кадрлар жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Айдар Сүйүндүкович Олжобаев «Депозиттерди коргоо системасы тууралуу» лекция окуп берди.
Катышуучулар
Лекцияга «Аба транспорту боюнча менеджмент» багытында билим алган 1 жана 3-курстун студенттери болду.
Жолугушуунун жүрүшү
Жолугушуу жигердүү форматта өттү: студенттер темага кызыгышып, көп суроолорду беришти, эң активдүү катышуучуларга лектор чакан белектерди тапшырды.