2026-жылдын 21-майында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда жарандык авиациянын ардагери Людмила Николаевна Ольховскаянын 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу конференция болуп өттү. Иш-чарага авиация тармагынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана авиация ардагерлери катышты.

Конференциянын алкагында «Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында заманбап медицинанын ролу» аттуу студенттик илимий конференция уюштурулуп, анда студенттер жана окутуучулар авиациялык медицина, учуу коопсуздугу жана адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз авиациялык институтунун директору Улан Эсембекович Курманов куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жумалиев Бектур Алмазбековичтен, авиациялык ишканалардын өкүлдөрүнөн, кесиптик бирликтерден, коомдук уюмдардан жана тармактын ардагерлеринен куттуктоо сөздөрү айтылды.