13-декабрда 2024-жылы И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда студенттер үчүн «Психотроптук жана наркотикалык заттардын ден соолукка жана адамдын жашоо образына таасири» деген темада лекция өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын максаты – жаштардын психотроптук жана наркотикалык заттарды колдонуу менен байланышкан оор кесепеттер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Лекцияны КР Ички иштер министрлигинин наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жаштарга медико-психологиялык жардам көрсөтүү боюнча дарыгери өткөрдү.