2026-жылдын 27-февралында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда «Өспүрүмдөрдүн мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги» темасында лекция өткөрүлдү.

Лекцияны милициянын подполковниги, КР ИИМдин Республикалык окуу борборунун мугалими Адамкулов Шумкарбек Талипович өткөрдү. Студенттерге мыйзамдык нормалар, жоопкерчилик жана өспүрүмдөр арасында мыйзам бузууну алдын алуу чаралары тууралуу түшүндүрмө берилди.

Иш-чара студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана өз аракеттери үчүн жоопкерчилик сезимин калыптандырууга багытталган.