26-февралда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Иш-чара «Эне тил – маданияттар аралык коммуникацияны өнүктүрүүнүн фактору» аталышында уюштурулуп, Эл аралык эне тил күнүнө арналды.

Конференциянын жүрүшүндө эне тилдерди сактоо жана өнүктүрүү маселелери, алардын маданий өзгөчөлүктү калыптандыруудагы ролу, ошондой эле глобалдашуу шартында тилдин маданияттар аралык диалогдогу мааниси талкууланды. Катышуучулар илимий баяндамаларын сунуштап, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, маданияттар аралык коммуникацияны өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын карап чыгышты.

Иш-чара илимий байланыштарды чыңдоого, кесиптик кызматташууну кеңейтүүгө жана тил саясаты менен маданий өз ара аракеттенүү маселелерине болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түздү.

Конференцияга С. Кирабаев атындагы Казак улуттук университетинин өкүлдөрү катышты:

  • Тлеубекова Ботакоз Тургамбаевна — филология илимдеринин кандидаты, доцент, академик С. Кирабаев атындагы казак адабияты жана окутуу усулу кафедрасынын башчысы;
  • Куттыбаев Шоканхан Дуйсенханович — PhD, аталган кафедранын улук окутуучусу;
  • Әділжан Асанәлі — магистр, улук окутуучу;
  • Еділхан Өміртай — магистр, улук окутуучу.

Конференция Кыргызстан менен Казакстандын илимий коомчулугунун өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашууга жана академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө маанилүү аянтча болду.