2024-жылдын 21-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда Эл аралык илим күнү алкагында «Глобалдык мобилдүүлүк: санариптик технологиялар жана маданий интеграция» аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Конференцияга Казакстан Республикасынын «Жарандык авиация академиясынын» илимий иштер боюнча проректору Кайрат Кошеков жетектеген делегация, генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун начальниги полковник Иман Мамбетсеитов, генерал-майор милициясы Э.А. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын өкүлдөрү, Аскер институтунун жана ИИМ Академиясынын окутуучулары жана курсанттары катышты.
Конференциянын максаты – санариптик технологиялардын өнүгүүсүнө байланыштуу глобалдык чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөрдү, алардын адамдардын мобилдүүлүгүнө тийгизген таасирин, ошондой эле заманбап дүйнөдөгү маданий интеграция жана өз ара аракеттенүүнү талкуулоо. Айрыкча, авиациянын глобалдашуу жана эл аралык кызматташтык процесстериндеги ролу, ошондой эле насаатчылык маселелери өзгөчө көңүлгө алынды.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар тематикалык багыттар боюнча докладдарды жасашты. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча сертификаттар тапшырылды.