2026-жылдын 6-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Сталиндик репрессиялардын курмандыктары: Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин тагдырлары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлери Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Абдыкадыр Орозбеков жана Касым Тыныстановдун өмүрү, ишмердүүлүгү жана трагедиялуу тагдырлары тууралуу баяндамаларды жасашты.

Катышуучулар алардын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, илимдин, билим берүүнүн жана маданияттын өнүгүшүнө кошкон салымын талкуулашты. Ошондой эле саясий репрессиялардын кайгылуу кесепеттерине токтолушту.