В КАИ прошло первое заседание нового состава Попе…
16 Апр 2022
133
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү системасын модернизациялоо жана окуу жайдын өнүгүүсүнүн инновациялык моделдерин киргизүү шартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен институттун Попечительдик кеңешинин жаңы курамы бекитилген.
Жыйындын жүрүшү
2022-жылдын 15-апрелинде КАИдин Попечительдик кеңешинин жаңы курамынын биринчи жыйыны өттү. КАИдин директору Курманов У.Э. куттуктоо жана тилектештик сөздөрүн айтып, Попечительдик кеңештин окуу жайдын турмушуна катышуусунун маанилүүлүгүн жана принциптүүлүгүн белгиледи.
Андан ары Попечительдик кеңештин мүчөлөрү өзүнүн биринчи жыйынын өткөрүп, Кеңештин төрагасын жана катчыны шайлашты.
Жыйынтык
Бардык мүчөлөрдүн бир ооздон чечими менен Попечительдик кеңештин жаңы курамынын төрагасы болуп — Калмурзаев Каныбек Калмурзаевич шайланды.
КАИнин жамааты жана администрациясы жаңы курамга ишинде ийгилик каалашат, ал эми жаңы төрагага чың ден соолук, ийгилик жана авиациялык окуу жайдын гүлдөшү үчүн бекем ниет тилешет.