2026-жылдын 12-ноябрында Кыргыз авиациялык институтунда студенттер үчүн «Баңгизатка көз карандылык жана баңгизаттуулукка каршы күрөшүү» темасында конок-лекция өткөрүлдү.

Лекцияны Бишкек шаардык ИИББнын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, милициянын подполковниги Батыров Мамарасул Абдирахимович өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге баңгизатка көз карандылыктын адамдын ден соолугуна жана коомго тийгизген терс таасири, анын алдын алуу жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн мааниси тууралуу маалымат берилди.

Лекциянын жүрүшүндө темага байланыштуу видеоматериалдар көрсөтүлүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистен кеңири жоопторду алышты.