2026-жылдын 23-октябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн «Аба транспортунда логистиканы уюштуруу жана башкаруу» адистигинде билим алган 1–2-курс студенттери үчүн «Аэропорттогу жер үстүндөгү тейлөөнүн өзгөчөлүктөрү» темасында конок лекциясы өткөрүлдү.
Лекцияны «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын жүргүнчүлөрдү аба аркылуу ташууну уюштуруу кызматынын башчысы Нурдин Адылович Шабданбеков өттү.
Лекциянын жүрүшүндө студенттер жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн өзгөчөлүктөрү, авиациялык кызматтардын ишин уюштуруу жана аэропорттун ишмердүүлүгүнүн практикалык аспектилери менен таанышышты.
Иш-чара студенттердин кесиптик билимдерин кеңейтүүгө жана авиация тармагында келечектеги кесиптик ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.