Кыргыз авиациялык институтунда институттун өнөктөштөрүнүн бири — «Аэростан» авиакомпаниясы менен биргеликте «Эмне? Кайда? Качан?» аттуу эксперименталдык интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Оюндун интеллектуалдык таймашында ОКБ бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери күч сынашты. Катышуучулар «Sky» жана «Взлёт» деген аталыштагы эки командага бөлүнүштү.

Оюндун суроолору студенттерден кеңири билимди жана эрудицияны гана эмес, логикалык ой жүгүртүүнү, тез чечим кабыл алууну жана команда менен иштеше билүүнү талап кылды. Оюн учурунда кызуу талкуулар, кызыктуу көз ирмемдер жана сергек атаандаштык орун алды. Ар бир раунд катышуучуларга тапкычтыгын, ыкчамдыгын жана командалык духун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Оюндун жыйынтыгында эки командага тең уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул оюн-викторина КАИде интеллектуалдык таймаштардын жаңы форматын сыноодон өткөргөн алгачкы кадам болуп калды. Анын негизги максаты — интеллектуалдык мелдештерди студенттик жашоонун жакшы салтына айландыруу, билимге болгон кызыгууну арттыруу жана институттун авиациялык ишканалар менен кызматташтыгын бекемдөө.

Кыргыз авиациялык институту «Аэростан» авиакомпаниясына демилгени колдогону, оюнду уюштурууга катышканы жана жемиштүү өнөктөштүк үчүн ыраазычылык билдирет!