2026-жылдын 18-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Кыргызстандын асманын ачкан аялдар: авиация тарыхынын алгачкы барактары» аттуу конок лекциясы болуп өттү.
Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ардагери, Кыргызстандын Ардактуу авиатору Т. И. Бошумова кайрылып, ата мекендик авиациянын тарыхын жана анын өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын эмгегин сактап калуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чарага Чоң-Арык айылынын тарыхый музейинин директору К. С. Менсеитова ардактуу конок катары катышты.
Лекциянын жүрүшүндө студенттер Кыргызстанда аялдар авиациясынын калыптануу тарыхы жана алгачкы аял-учкучтар — Жумагүл Мусаева, Ж. Жунушбаева, Төлөк кызы Кабира, ошондой эле алгачкы аял-инструкторлордун бири А. И. Ежова тууралуу маалымат алышты.
Тарыхый музейдин жетекчиси В. А. Качкимбаева алгачкы аял-учкучтар аэроклубда курсант катары даярдыктан өткөндүгү тууралуу айтып берди. Ал эми институттун китепканасынын жетекчиси Кыргызстандын алгачкы учкучу Жумагүл Мусаеванын тагдыры жана кесиптик жолу тууралуу баяндамасын сунуштады.
Жолугушууда аялдардын Кыргызстандын жарандык авиациясынын түптөлүшүндөгү ролуна, алардын кесипкөйлүгүнө, авиация тармагына берилгендигине жана ата мекендик авиациянын өнүгүшүнө кошкон салымына өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара КАИнин музейи жана китепканасы тарабынан уюштурулуп жаткан Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхында маанилүү из калтырган аял-авиаторлорго арналган жолугушуулардын алкагында өткөрүлдү.