В КАИ состоялась международная научно-практическа…
02 Мар 2023
167
Жаңылыктар
2023-жылдын 28-февралы жана 1-марты күндөрү И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин, Москва шаарындагы Межгосударстволук авиа комитетинин, Москва шаарындагы Мамлекеттик илимий-изилдөөчү жарандык авиация институтунун жана Казакстан Республикасынын Граждандык авиация академиясынын колдоосунда «Авиациялык коопсуздукту камсыздоонун жаңы комплексине ыкмалары жана каражаттары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара Кыргыз авиация институтунун 50-жылдыгына арналып өткөрүлдү.
Конференция программасы
1«Заманбап текшерүү ыкмалары жана системалары»
2«Профайлинг – ыкмалардын бири эмес. Бул авиациялык коопсуздук процессинин бир бөлүгү»
3«Учактарды иштетүүчү үчүн авиациялык коопсуздук тармагында тобокелдиктерди баалоого жана талдоого альтернативдүү ыкма»
4«Окутууда авиациялык коопсуздуктун принциптери жана укуктук негизи»
5«Эксплуатанттын авиациялык коопсуздугун камсыздоонун бир бөлүгү катары программалык камсыздоо»
6«Бүтүрүүчү студенттердин кесип боюнча жумушка орношуу маселелери»
Жыйынтык
Жыйында катышуучулардын айткан бардык сунуштары эске алынып, Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата жарандык авиация боюнча концепциясынын алкагында биргеликте иштелип чыгарылаары чечилди.
Катышуучулар
Конференцияга өнөктөш ЖОЖдордун өкүлдөрү, Кыргызстандан, Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Беларусстандан авиакомпаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү, анын ичинде авиациялык окуу борборлорунун жетекчилери катышты.