И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана «Лингва» англис тили мектебинин колдоосу менен уюштурулган англис тили курсунун катышуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлдөрү, «Лингва» англис тили мектебинин жетекчилиги жана окутуучулары, институттун жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.
Институттун атынан келген конокторго англис тили курсун уюштурууда көрсөткөн колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирилди. Бул программа студенттерге жана окутуучуларга англис тили боюнча билимдерин тереңдетүүгө, ошондой эле кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзгөнү белгиленди.