И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда биринчи курстун студенттерин студенттикке кабыл алуу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.

Жаңыдан кабыл алынган студенттер үчүн бул күн алардын жашоосундагы маанилүү жана унутулгус окуя болуп, жаңы жашоо этабынын башталышын жана КАИнин чоң студенттик үй-бүлөсүнө кошулгандыгын символдоштурду.

Иш-чаранын алкагында чыгармачыл жамааттардын катышуусунда майрамдык концерттик программа уюштурулду. Катышуучуларга шаңдуу бийлер, музыкалык номерлер жана ырлар тартууланды. Майрамдык маанай кубанычка, жылмаюуга жана жагымдуу эмоцияларга бай болду.

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жалпы жамааты биринчи курстун студенттерин бул маанилүү окуя менен куттуктап, окууларына ийгилик, алдыга койгон максаттарына жетүүнү, жаңы жетишкендиктерди, кызыктуу ачылыштарды жана унутулгус студенттик жылдарды каалайт!