Иш-чара
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Манас» эпосунун күнүнө карата “Манас эпосу жаңы доордо” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы катышып, окутуучулар менен маалыматтык жолугушуу жүргүздү.

Баяндамадан

Назира Аалы кызы өз баяндамасында «Манас» эпосунун бүгүнкү коомдогу орду, өспүрүм муунду тарбиялоодогу мааниси жана дүйнөлүк маданий мурастар катарындагы баалуулугу тууралуу кеңири сөз кылды. Ошондой эле эпосту заманбап форматта жайылтуу багытында академия аткарып жаткан иштер менен да бөлүштү.

Китепканага белек
Иш-чаранын жүрүшүндө “Манас” улуттук академиясы чыгарган бир нече китеп институттун китепканасына белек катары тапшырылды.

Музей менен таанышуу

Жыйындын соңунда катышуучулар институттун музейин кыдырып, тарыхый маалыматтар жана экспонаттар менен таанышып чыгышты.