2026-жылдын 5-февралында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген-окутуу бажысынын жетекчиси, подполковник Жээнбеков Нурбек Бекенович студенттер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге атайын даярдалган видеоматериалдар көрсөтүлүп, баңгизаттардын түрлөрү, алардын адамдын саламаттыгына жана коомго тийгизген зыяны тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Ошондой эле жаштарды баңгизаттардан алыс болууга чакырып, сергек жана активдүү жашоо образын тандоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында баңгизатка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана аларды туура жолго багыттоо.



