КАИде баңгизатка каршы профилактикалык иш-чара өт…
06 Фев 2026
1365
Жаңылыктар
2026-жылдын 5-февралында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу боюнча түшүндурүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Докладчы
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген-окутуу бажысынын жетекчиси, подполковник Жээнбеков Нурбек Бекенович студенттер менен жолугушту.
Материалдар жана мазмуну
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге атайын даярдалган видеоматериалдар көрсөтүлүп, баңгизаттардын түрлөрү, алардын адамдын саламаттыгына жана коомго тийгизген зыяны тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Тарбиялык иштер
Ошондой эле жаштарды баңгизаттардан алыс болууга чакырып, сергек жана активдүү жашоо образын тандоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Иш-чаранын максаты
Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында баңгизатка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана аларды туура жолго багыттоо.