Иш-чаралар
cover image
19-июнда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда «Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясындагы кадрдык потенциал: чакырыктар жана перспективалар» темасында семинар өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясынын бардык тармактарынан жетекчилер жана адистер катышты.

Семинар жөнүндө

Семинарда авиация тармагындагы кадрдык потенциалды өнүктүрүүнүн негизги аспектилери, анын ичинде иш менен камсыз кылуу, окутуу жана адистерди даярдоо сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Катышуучулар кадрларды даярдоону өркүндөтүү боюнча тажрыйба жана ой-пикирлер менен бөлүшүп, билим берүү уюмдары менен авиация ишканаларынын ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жаңыча курулуп жаткан глобалдык экономика жана технологиялык инновациялар шартында семинарды өткөрүү демилгеси Кыргызстандын граждандык авиациясынын кадрдык потенциалын чыңдоого умтулуусун көрсөтөт.

Фотолор

Жыйынтыктар

Коммюнике
Семинардын жыйынтыгында коммюнике кабыл алынып, анда авиация коомчулугу келечекте жогорудагы маселелерди биргелешкен аянтчаларда талкуулаууну уланта берери белгиленди.